Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Баткен

Айыл турмушу: Ш.Абдубаитов алмаларга сүрөттөрдү тартып бышырып, 1 даанасын 100 доллардан сатат (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн тургуну Шадыбек Абдубаитов алмаларга ар түрдүү жазууларды, сүрөттөрдү тартып бышырат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы багбан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жазууларды алмалар быша элек, көк кезинде түшүрөт. Мындай жазууларды түшүрүү менен 14 жылдан бери алектенет. Ага Россия жана Түркия мамлекеттеринен да буйрутмалар түшүп турат. 1 даана алма 100 долларга сатылат. Көбүнчө жигиттер сүйгөн кыздарынын ысымдарын жаздырып, жүрөкчөнүн сүрөтүн тарттырышат. Кээ бирөөлөр туулган жылынын жаныбарын, герб, желектердин сүрөттөрүн тарттырат. Буйрутмалар ар кандай жармаңкелерге катышкандан кийин түшө баштаган.

Бүгүнкү күндө 82 сотых аянтта 120 түп алма көчөт өсүп жатат. Быйыл 1500 миң даанага жакын алмага ар кандай сүрөттөрдү тартып, жазууларды жазган. Кийинки жылы 300 миң даана алмага сүрөт тартууну пландап жатат. Учурда сүрөт тартылбаган 10 тоннага жакын алманын түшүмүн сактап турат. Алардын 1 кг 40-50 сомдон сатылууда.

Үй-бүлөсү менен чогуу багбанчылык кылган Шадыбек Абдубаитовдун 1 жылдык кирешеси 300 миң сомго чейин жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4973
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×