Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 13.12.2017 11:14

Видео — Кадамжайдын Тамаша айылына алып барчу жол оңдолбой, унаалар жарактан чыгып жатат

Turmush -  Кадамжай районунун Тамаша айылынын таштак жолу оңдолбой, жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздыктарды жаратууда. Бул тууралуу айылдыктар билдиришти.

Маалыматка караганда, Тамаша айылынан Көтөрмө айыл өкмөтүнүн борборуна чейинки аралык 15 чакырымды түзөт. Аталган жолдун 2 чакырымы гана мамлекеттик бюджеттин эсебинен асфальтталган. Калган 13 чакырым жол таштак бойдон турат.

Бул жолду жыл сайын 2-3 жолу райондук жол тейлөө ишканасы тегиздеп турат. Оор жүк ташуучу ар кандай унаалардын айынан бүгүнкү күндө жол начар абалган келип калган. Учурда кайрадан сүрдүрүлүп, тегиздөөгө муктаж. Аталган жол айылдан район борборуна каттоочу бир гана багыттагы негизги жол болгондуктан Тамаша айылынын 3 миңден ашуун тургуну тамак-ашты район борборунан гана алып келип жан багышат. Андыктан жол өз убагында оңдолушу керек. Жолдун начардыгынан унаалар 1 жылда эле жарактан чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×