Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Баткен

Көк-Талаада пайдубалы бүткөн мектептин курулушу 2 жылдан бери токтоп турат

Turmush -  Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында 2015-жылы пайдубалы курулган мектептин курулуш иштери токтоп турат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, алар бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигине арызданышкан. Министрлик аталган мектептин курулушу 2018-2019-жылдардын титулдук тизмесине киргизип, акча каражатын бөлүп берүү маселеси Финансы министрлигине сунуштала турганын айткан.

Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кайрылууга жооп берген.

Анда: «275 орундуу мектептин сметалык баасы түзүлүп, тендер өткөн. Ишканалардын бири тарабынан курулуш иштери жүргүзүлүп, 300 миң сомдук жумуштар аткарылган. Окуу имаратынын пайдубалы толук бүткөн. Курулушту улантуу үчүн 2018-жылдын республикалык бюджетинин эсебине киргизүүнү Финансы министрлигине сунушталарын билдиребиз», - деп айтылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1414
Көп окулду
×