Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 18.12.2017 17:31

Кадамжайда уюлдук телефон уурдоого шектелген 18 жаштагы жигит кармалды

Turmush -  Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылындагы дүкөндө уюлдук телефон уурдоого шектелип 18 жаштагы жигит кармалды.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жабырлануучу 10-декабрь күнү саат 06:30 чамасында 8 миң сомго бааланган «Самсунг» үлгүсүндөгү уюлдук телефону белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Милиция кызматкерлери кылмыш ишти иликтөө учурунда Халмион айыл аймагынын Чекелик айылынын 1999-жылы туулган тургуну А.Ж. шектелип кармалды.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иш козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×