Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 21.12.2017 13:27

Кызыл-кыялык адам көмүр казган шахтада газга ууланып каза болду

Turmush -  Кечээ, 20-декабрда саат 20:30 чамасында Кадамжай районунун Боз айылындагы шахтада Кызыл-Кыя шаарынын 38 жаштагы С.А. аттуу тургуну газга ууланып каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, шахта Кадамжай районуна караганы менен Кызыл-Кыя шаарына жакын жайгашкан. Ал жерге жергиликтүү тургундар барып, мыйзамсыз көмүр казып иштешет. Шахта 1 жумадан бери жабылып тургандыктан анын ичи газга толуп калган.

Өз алдынча көмүр казгандардын айтымында, С.А. электр тогунун жоктугунан каза болгон. Шахтада жерде электр энергиясы менен вентилятор иштеп, аба тынымсыз тазаланып турат. 2 жума мурун электр тогу өчүрүлгөн. Электр энергиясы берилбесе өз алдынча көмүр казгандардын иши токтойт. Аба тазаланбай калса шахтанын ичиндеги газдан улам 1 мүнөттө көз жумуу коркунучу жаралат.

Маркум шахтага шаймандарын алып кетүү үчүн барып, кайра чыга албай калганы айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×