Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Баткен

Кадамжайлык окуучу Россиядагы программалоо боюнча олимпиаданын коло байгесин алып келди (фото)

Turmush -  Кадамжай шаарындагы лицейдин окуучусу Жеңишбек уулу Талант Россияда өткөн программалоо боюнча командалык олимпиаданын жыйынтыгында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу ал окуган лицейден билдиришти.

Окуучулар арасындагы программалоо боюнча командалык олимпиада Санкт-Петербург, Барнаул, Алмата жана Тбилиси шаарларында 9-10-декабрь күндөрү болуп өттү. Алмата шаарынын Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин интернет борборунда олимпиаданын акыркы этабы болуп, ага 10 өлкөдөн тандалган 717 окуучу катышты.

Коло байгеге татыган Талант Баткен районунун Газ айылынын тургуну. Ал айылындагы мектептен билим алып, 7-класстан тарта Кадамжайдагы лицейде билимин улантууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 970
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×