Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 30.12.2017 15:16

Кадамжай шаарынын 5 жылдык мааракесине Өзбекстандан коноктор келишти

Turmush -  Кадамжай шаарынын 5 жылдыгы чоң майрамдык кече менен коштолду. Кечээ, 29-декабрда өткөн иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, район акими Жаныбек Исаков, шаар мэри Бакыт Бегалиев, мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Майрамдык салтанаттын алкагында спорттук оюндар, кол күрөш, таш көтөрүү боюнча мелдештер уюштурулуп, Өзбекстандан келген коноктор тарабынан концерттик программалар да тартууланды.

«Оюн-зооктордун алкагында мергенчилер арасында да жарыш өткөрүлүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр шаар мэриясы тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Ошондой эле, шаардын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жеке ишкерлер жана мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери ардак грамоталарга ээ болушту. Салтанаттын аягында сый тамак уюштурулду», - деп айтылат маалыматта.

Кадамжай 2012-жылы район тибиндеги шаар макамын алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×