Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 11.01.2018 17:39 Жаңыланды: 12.01.2018 13:30 На русском

Айыл турмушу: Кадамжайлык Тургунай апа өз каалоосу менен мамлекеттен жөлөк пул албайт (фото)

Turmush -  Кадамжай районундагы Таш-Дөбө айылынын 85 жаштагы тургуну Халикова Тургунай апа өз каалоосу менен мамлекеттен жөлөк пул алуудан баш тарткан. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, СССР учурунда тылда жана башка өкмөттүк кызматтарда иштеген. 13 баланы төрөгөн, бирок учурда 3 баласы бар.

Анын уулу Тажимухамед Халиковдун айтымында, Тургунай апа өкмөттүн акчасын албайм деп өзүнө сөз берген.

«Апам 1958-1964-жылдарда өпкө оорусу менен ооруган. Анда апам 34 жашта экен. Ошол убактагы райондук оорукананын башкы дарыгери атама «аялыңдын 15 мүнөттүк өмүрү калды, алып кете бер» деп айтыптыр. Ооруканадан чыгарууда тез жардам унаасын да беришпептир. Атам айла жок түн ортосунда үйгө көтөрүп алып келген. Үйгө алып келип жаткырып койсо апам бир аздан кийин өзүнө келип, «атыр гүлдүн жыты келип кетти» деген айткан экен. Кийин эмчи аялга кайрылыптыр. Ал аял апама «сенин тагдырың доктурдан эмес кудайдан, дубаны моюнуңа ал» дептир. Ошондон тартып апам «өкмөт мени өлдү деп билет, алардан эч нерсе албайм, кудай мени жашоого кайтарды» деп кудай жолунда гана жүрөт. Өкмөттүн эч нерсесин албайт», - деди уулу.

Тургунай апа 1958-жылга чейин мамлекетке иштегенин тастыктаган документтери селге агып кеткен. Андан улам апанын уул-кыздары пенсияга керектүү документтерди да чогулта алышкан эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×