Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баткен

Кадамжай районунун элине суу жеткирүү үчүн тоодо туннель казылууда

Turmush -  Кадамжай районунун Кескен-Таш жана Кызыл-Булак айылынын элине таза суу жана сугат суу жеткирүү максатында Молдо-Нияз каналы курулууда. Бул тууралуу облус жетекчилиги маалымдады.

Маалыматка караганда, каналдын курулушуна 164 млн сом каралган болсо, учурда анын 60 млн сому каржыланган. Натыйжада Ак-Суу дарыясынан суу алып өтүү үчүн тоо ичине туннель казылууда.

Куруучу Курманбек Нажимидин уулунун айтымында, туннелдин жалпы узундугу 538 метр болот. Учурда анын 150 метри казылып бүттү.

«30 киши тынымсыз иштеп жатабыз. Туннелдин бийиктиги 2,80 метрди, туурасы 2,60 метрди түзөт. Алдыда аны бетондоо жана Ак-Суу дарыясынан туннелге чейинки, кайра туннелден айылга чейинки аралыкка канал куруу жумуштары жүрөт», - деди ал.

Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Махмуд Токторовдун айтымында, Кескен-Таш жана Кызыл-Булак айылдарынын элине суу жетпей, жергиликтүү калк жер астындагы сууну насос аркылуу тартып чыгарып, пайдаланып келишкен. Канал ишке берилсе 670 кожолук ичүүчү суу менен камсыз болуп, жалпы 1200 гектар жерге сугат суу жеткирилет. Курулушту 2018-жылдын май айына бүткөрүү пландалууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4325
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×