Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 15.01.2018 15:07

Кадамжайда Өзбекстандан кайтарылып алынган имараттар логистикалык борборго айланат же ижарага берилет

Turmush -  Кадамжай районунда Өзбекстандан кайтарылып алынган имараттар логистикалык борборго айланат же ижарага берилет. Бул тууралуу Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Дастан Досатов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин кайтарылып алынган имараттардын төртөө социалдык объектилерге айланган.

«6 имараттын бирөө оңдоп-түздөөдөн өтүп, 100 орундуу бала бакчага айланды. Калганы жаштар үчүн баарлашуучу жай, айыл өкмөттүн кеңсеси жана маданият үйү болуп оңдолду. Эми калган 2 имаратты март айында жергиликтүү кеңештин сессиясына коюп, жер-жемиш сакталчу логистикалык борборго айлантууну же жеке ишкерлерге ижарага берели деп пландап жатабыз», - деди Досатов.

Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы имараттарды 2005-жылга чейин Өзбекстан иштетип келген. 2015-жылы имараттар Кыргызстандын карамагына өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×