Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баткен

Жумушчулары иш таштаган Алга айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дубанаев өз каалоосу менен кызматтан кетти

Turmush -  Кадамжай районунун Алга айыл өкмөтүнүн башчысы Жумабай Дубанаев өз арызы менен кызматтан кетти. Бул тууралуу Жумабай Дубанаев өзү билдирди.

«Мен бүгүн 15-январда өз каалоом менен иштен кеттим. Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков өзү да келип, жамаатты биримдикке чакырып кетти. Мен 1 жыл мурун депутаттардын колдоосу менен айыл өкмөт башчы болуп шайланган элем. Ар кандай оюндар боло баштады. Мисалы 2 айыл башчым жумуш таштап жатканын айтышса, өзүбүздүн айыл өкмөттө да 2 кызматкер иш таштады. Калган жумушчулар менен да кызматташуу кыйынга турду. Айыл өкмөттө иштөө кыйын экендигин эми түшүндүм. Элдин жана жамааттын биримдигин жана жумушун сактап калуу үчүн өз каалоом менен иштен кеттим», - деди ал.

Жумабай Дубанаев

мойлок

Айыл өкмөт башчысынын милдетин убактылуу 53 жаштагы эсепчи Абдырахман Бөрүбаев аткармакчы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1644
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×