Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баткен

Кадамжайдын 4 айыл өкмөтүндө биринчи жолу таштандыга акы төлөй башташты

Turmush -  Кадамжай районунун 4 айыл өкмөтүндө биринчи жолу таштандыга акы төлөнө баштады. Бул тууралуу А.Масалиев айыл аймагынын тургуну Калмурза Абдырахманов билдирди.

Райондук акимчиликтин маалыматына караганда, Масалиев, Майдан, Марказ жана Үч-Коргон айыл аймагындагы таштандылар айылдан сыркары ташылып, ал үчүн акы төлөнөт. Таштандылар ар жума сайын бир жолу ташылат. Таштандыларды Масалиев айыл аймагындагы атайын таштанды таштоочу жайга ташууга 6 даана «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаа иштейт. Ар бир үй-бүлөдөн айына 100 сомдон акы алышат. Бул акыны атайын таштанды ташуучуларды тейлеген ишкана алып, түшкөн каражатты жергиликтүү жумушчуларга айлык акыга жана керектелүүчү чыгымдарга жумшашат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1645
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×