Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Баткен

Айыл турмушу: Кадамжайлык А.Кожояров ата-бабаларынын ырчылык өнөрүн улантып келет (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Чечме айылынын тургуну Аслан Кожояров «Маданияттын мыктысы» төш белгисинин ээси. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, музыканттардын үй-бүлөсүндө тарбияланып өскөн.

«Менин бабам Мадемин ырчы 19-кылымдын соңунда Фергана өрөөнүндө дутары менен төгүп ырдаган таланттуу адам болгон. Атам Кожояров Эшан аксакал да дутар (фарс тилинен алынган, байыркы кылдуу музыкалык аспап) менен ырдап, тоо койнундагы «Айдаркен» совхозунда кызматта жүрүп кайтыш болгон. Апам Изат азыр 86 жашта. Ал да кезегинде ооз комузду ийге келтирип, кыргыздын түркүн күүлөрүн мыкты аткарган аял эле. Бир тууган акем Төрөкожо, карындашым Инабат, уулум Исламкожо жана кызым Айназик да музыкалык аспаптарда ойноп ырдашат», - деди ал.

Өзү айылындагы мектепте музыка сабагынын мугалими, Бирлик айыл өкмөтүндөгү маданият үйүндө көркөм жетекчи катары иштеген. 1980-жылдарда «Алтын булагым», «Махабатым», «Сагынуу», «Кыргызымдын тоолору», «Арман» жана «Биз бактылуу балдарбыз» ырларын жаратып, алар республикалык жана облустук телеканалдардан, радиодон эфирге чыгып турган.

Соңку жылдарда Тамара Садыкованын «Өмүр», Афина Абдылдаеванын «Кайгы-муң зар» жана өзүнүн «Айдаркеним» аттуу ырына обон чыгарды. Маданият тармагындагы иштери үчүн бир катар төш белгилер, ардак грамоталар менен сыйланган.

Учурда жазган ырларын китеп кылып чыгарууга аракет кылууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2195
×