Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баткен

Кадамжайлык изилдөөчүлөр кыргыздын наймандар уруусу жөнүндө китеп жазышты

Turmush -  Тарых изилдөөчү Алик Темиров менен журналист Самидин Курмушуев XIII кылымдын башында кыргыз урууларынын Алтайдан Кашкарга, Кашкардан Алайга, андан кийин азыркы кыргыздар жашаган аймактарга ооп келиши жөнүндө «Тагдыр табереги» аттуу тарыхый, публицистикалык, даректүү китепти жазып бүтүрүштү. Анда кыргыздын найман уруусу жөнүндө маалыматтар камтылган.

Найман этнониминин чечмелениши:

Байыркы доордон бери аталышын бир да өзгөртпөй келе жаткан найман этнонимин чечмелөөдө окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн жана илимпоздордун арасында бирдей, бир беткей пикир жок. Көпчүлүк окумуштуулар «найман» этнонимин чечмелөөдө бул сөздү моңгол тилинен которгондо «сегиз уруу» деген маанини билдиргенине ыкташып, «бул этноним 8 уруунун баш кошуусунан пайда болгон, мунун да жөнү бар. Мында алар эзелтеден наймандар менен жамаатташ, канатташ жашап, маданияты, каада-салты, тили, үрп-адаты окшош кыргыз элинин 7-8 ичкилик урууларын эске алышат. Мисалы И.Н.Березин өзүнүн «Очерки внутреннего устройства улуса джучуева» деген эмгегинде наймандар жөнүндө минтип жазат: «Найман — бул моңгол сан атоочу найман-сегиз. Албетте сегиз уруунун союзун билдирет». Ушундай эле пикирди окумуштуулар В.В.Бартольд, Л.Л.Викторова, Г.И.Рамстедт, К.И.Петровдор да колдошот.

Ошол эле мезгилде бул этнонимди башкача таризде чечмелеген окумуштуулар тобу да бар. Алсак япон окумуштуусу С.Мураяма (Sind die Naiman Turken oder Mongolen, 1959) мындай дейт: «Найман этнониминин негизинде моңголдун «найман-сегиз» сөзүн эмес, анын негизинде inan (ынан) «ишенүү», «ишеним» деген түрк сөзү жатат», - деген тыянакка келет. Япон окумуштуусу С.Мураяманын бул ою найман этнониминин түпкү маанисин чечмелөөдө моңголдун сегиз деген сөзүнө байланган окумуштуулардын пикирине түп тамырынан карама-каршы турат. Бул туура пикир. Анткени Моңгол империясы гана эмес, моңголдордун мамлекети да түптөлө элек мезгилде башкача айтканда, 740-жылы эле Алтай-Орхон суу бойлорунда найман деген эл жашагандыгы жөнүндө кытайдын тарыхый булактарында эскерилет.

Биздин доордогу II кылымдарда Чыгыш Европада көчүп-конуп жашаган найман деген аталыштагы эл бар болгондугу жөнүндө тарыхый булактар кабарлайт. Найман санжырасында наймандардын 3000 жылдык санжырасы айтылат. Наймандар 1130-жылы өз алдынча Найман мамлекетин азыркы Моңголия аймагынын борбордук бөлүгүндө түптөшкөндүгү тууралуу тарыхый маалыматтар айдан ачык турганда, кантип найман этноними бул элден алда канча кийин түзүлгөн моңголдордун сөзүнөн алынсын деген суроо пайда болот.

Найман этнонимин чечмелөөдө «наи» деген сөздү моңгол тилинен которуп, жыйынтык чыгаруунун өзү логикага жатпайт. Найман уруусунун санжырачылары да бул этнонимдин моңголдун «сегиз» деген сөзүнөн алынганына ынанышпайт. Түйүндү чечмелөөдө кыргыздардын, анын ичинде наймандардын тилдик өзгөчөлүктөрү өзгөчө, чечүүчү мааниге ээ болушу кажет.

Мында «най», «ман» деген эки сөздү чечмелөө аркылуу гана бул этнонимдин чыныгы этмологиялык маанисин табууга болот. «Най» сөзү байыртадан эле эл башкарган башчыларга карата колдонулуп, ошол доордогу журт башчыларына карата айтылып, азыркы түз маанисинде «эл башчы», «жетекчи», «бий» түшүнүктөрүн билдирген. Ал тургай азыр да, сөз кадырына жеткен аксакалдар арасында бул сөз колдонулуп, «наилериңер ким?» деп айтылып жүрөт.

«Ман» деген бөлүкчөнүн маанисин чечүү үчүн бүгүнкү кыргыз адабий тилинде кеңири колдонулган төл сөздөрдү иликтеп көрөлү:

Акылман - акылдуу киши;

Аларман - сатып алуучу киши;

Билерман - терең билимдүү киши;

Даанышман – атактуу, ойчул киши;

Жаратман - өндүрүүчү киши;

Кадырман - кадыр-барктуу киши;

Койчуман - кой кайтарган киши;

Көрөрман - көрүүчү киши;

Мейман - конок киши;

Окурман - окуучу киши;

Сатарман - сатуучу киши;

Угарман - угуучу киши;

Улукман - дарыгер киши;

Уйчуман - уй баккан киши;

Чабарман - кабар жеткирүүчү, ат чапкан киши.

Көрүнүп тургандай мисалга келтирилген ар бир сөздүн түпкү мааниси киши жөнүндө болууда. Демек байыркы бабалардын тилинде «ман» деген сөз азыркы кыргыз адабий тилинде кадимки эле «киши» деген түшүнүктү билдирет.

Ошентип найман этноними «най» — башчы, жетекчи, бий, «ман» — киши сөздөрүнөн келип чыгып, түпкү маани-маңызы журт башчы киши, жетекчи киши, бий киши деген маанини билдирет деп тыянактуу бүтүм чыгарууга болот. Ошол бий кишинин балдары, урпактары алгач наймандын балдары деп аталып жүрүп, убакыт өтүп, алар наймандар тобу болуп, акырындап булардын уруусу найман деп аталып калган деп жыйынтык чыгарууга болот.

Улуу көч доорунда II-VI кылымдарда көчмөндөрдүн Чыгыш Европадагы жашаган элдер менен узак убакыт бою эриш-аркак жашагандыгын тарых изилдөөчүлөр далилдеген. Мындан улам герман тобуна кирген тилдер немистерде «ман», англичандарда «мен» деген сөздөр кадимки эле «киши» деген маанини туюндурат. Бул жаңы доордун башталышындагы улуу көч доорунда, андан кийинки Атилла хан заманындагы чогуу жашаган элдердин бири-бирине тийгизген тилдик таасиринен болгон деген ойду айтууга болот.

Англичандардагы «футбол» сөзүнүн (кыргызча «бут тобу») «фут» - бут, «бол» - топ, ал эми «тиз» сөзүнүн кыргыз тилиндеги «тиш» деген маанини билдириши аларга улуу көч доорундагы көчмөндөрдүн тийгизген таасири, калтырган изи болгон.

Найман этноними миңдеген жылдар бою өзгөрбөй келе жаткандыгы таң кылыштуу, тарыхый феномен болуп саналгандыгын тарыхчы, санжырачылар бир ооздон белгилешет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11311
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×