Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Баткен

Фото — Кадамжайдын Кереге-Таш айылынын эли кол менен 7 км созулган канал казып жатышат

Turmush -  Кадамжай районунун Кереге-Таш айылында суу тартыш болгондуктан тургундар ашар жолу менен 7,5 чакырымга созулган канал куруп жатышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, каналды мындан 10 жыл мурда эл демилге көтөрүп кура баштаган. Бирок курулуш каржы жоктугунан бүтпөй келген. Өткөн жылы айылдыктардын демилгесин кореялык «Жаңы айыл кыймылы» долбоору колдоого алып, керектүү курулуш каражаттарын берди. 4 айдан бери кызуу иш жүрүп, учурда жумуштун 90%ы аяктап калды. Курулушту тургундар негизинен техникасыз, кол менен жасап жатышат.

«Айылыбызда суунун тартыштыгынан эл арасында уруш-талаш, соттошкондор, жада калса үй-бүлөсүнөн ажырагандар да болгон. Суу жок болсо климат да кургак болот экен. Суу түшүмдү да, экономиканы да, жашоону да чечет. Биз эми жаңы экономикалык бурулушка келдик», - деди айыл тургуну Мурзапаша Маматов.

Кереге-Таш айылынын башчысы Токтобай Абукаримовдун айтымында, каналдын узактыгы Ак-Корум аймагынан айылга чейин 7,5 чакырымды түзүп, анын 160 метри аска бооруна салынган. Каналдын 3 чакырымы бетондолуп, дагы 500 метр темир түтүк коюлду. Канал колдонууга берилсе Майдандагы 40 гектардай бош жаткан сугат жер өздөштүрүлөт. Эң негизгиси мурдагыдай суу талаш жаралбайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 795
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×