Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Баткен

Кадамжайда заманбап жабдык менен биринчи жолу геморройго операция жасалды

Turmush -  20-январда Кадамжай аймактык ооруканасында геморройдон жабыркаган бейтапка заманбап үлгүдөгү аппараттын жардамы менен биринчи жолу операция жасалды. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Залкарбек Баймуратов билдирди.

Анын айтымында, операция 43 жаштагы эркек кишиге жасалды. Азыр бейтаптын абалы жакшы. Мындан мурда аппарат жоктугунан операциялар эски ыкма менен жасалып келген.

Аппарат мамлекеттик бюджеттен 1 млн 400 сомго Россиядан алынып келди. Аны менен жасалган операциядан кийин бейтаптар эртеси күнү эле кыймылга келип, 3-4 күндөн кийин үйлөрүнө чыкса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 830
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×