Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баткен

Мекендештер: Баткендик Н.Мамадаминова Москвада кыялындагы кесиби боюнча иштеп жатат (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарчасында төрөлгөн 33 жаштагы Назгүл Мамадаминова Москва шаарындагы жеке клиникада акушер-гинеколог болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы мекендешибизден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ал И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо факультетин аяктаган. Бишкекте республикалык №6 төрөт үйүндө 2 жыл ординатурада кызмат өтөгөн.

«Москва шаарына 2009-жылы жолдошум экөөбүз келгенбиз. Мен 8 ай жүрүп, кайра Кыргызстанга кеткем. 2013-жылы кайтып келип, ушул убакытка чейин Москвада иштеп жүрөбүз. Жолдошумдун иши ушул жакта болгондуктан көчүп келдик. Азыр экөөбүз тең кесибибиз менен иштейбиз. Бул жактан И.М.Сеченов атындагы Биринчи Москва мамлекеттик медициналык университетинде 6 ай окуп, сертификат алдым. Андан кийин Перинотология жана неанатология кафедрасында 6 ай окуп, сертификатка ээ болдум. Алгач Россиянын жарандыгын ала элек болгондуктан ресторанда, кафелерде иштөөгө туура келди. Алгач Москвага келгенде бир бөлмөдө толтура киши болуп жашачу элек. Башында кантип жашайбыз деп таң калып жүргөн күндөр болду. Азыр өзүнчө батирде үй-бүлөбүз менен турабыз. Мен медициналык борбордо акушер-гинеколог болуп 5 жылдан бери иштеп жатам. Медициналык борбор жеке менчик болгондуктан айлык маянасы дагы жакшы. Бул менин кичинекей кезимден бери кыялданган кесибим», - деди ал.

Н.Мамадаминова күн сайын 20га жакын адамды кабыл аларын белгиледи.

«Москва шаары мага келгенде эле жаккан. Бирок элдери бизди жактырбагандай сезилди. Биздин өлкөдө да орус улутундагы адамдар жашап, алар менен жакшы мамиледе экенибизди түшүндүрүүгө аракет кылам. Жаман калк болбойт, жаман адам болот деп айтам. Бир күндө эң аз дегенде 20дай адамды кабыл алам. Кыргызстандык эже-сиңдилер келсе жардам бергенге аракет кылам. Дем алыш күндөрү дагы чалып, жазгандарга жооп берем. Өзүм тандаган кесип болгондуктан иштөөдөн эч чарчабайм.

Кыргызстанга бир жылда эки жолу барып, ата-энелерибиз менен учурашып, тойлорго катышып, эс алып келебиз. Бош убактымды үй-бүлөм менен өткөрөм. Бул жактан ар башка улуттагы досторду жолуктурдум. Келечекте балдарымды жогорку билимдүү кылып, өз жолдорун табууга салым кошууну тилейм. Ошондой эле, жолдошум экөөбүз медициналык борбор ачууну максат кылып жатабыз. Эң негизгиси элиме кызмат кылсам дейм», - деди ал.

Назгүл Мамадаминова бир кыз, бир уулдун апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4008
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×