Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баткен

Видео, фото — Кадамжайда Шамбесай кенин иштетүү маселесин талкуулоо үчүн жүздөгөн адамдар чогулду

Turmush -  Бүгүн, 2-февралда Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында Шамбесай кенин иштетүү маселесин талкуулоо үчүн жүздөгөн адамдар чогулду. Бул маалыматты Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков тастыктады.

Маалым болгондой, кенди иштетүүчү компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен жолугуп, цианид колдонбой иштей турган жаңы технологияны сунушташууда. Коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат. Чогулгандарга саясатчы Адахан Мадумаров келип кошулду.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Шамбесай кенинде болжол менен 8 тоннага жакын алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы казууга лицензия берилген. Бирок кенди иштетүү долбоору жүзөгө ашпай келет.

Тасма жергиликтүү тургандар тарабынан тартылган

Саат 14:00 чамасында чогулгандар тарап кетишти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5531
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×