Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 14.02.2018 15:28

Кадамжайдын Үч-Коргон айыл өкмөтүнө 7,8 млн сомдук грейдер алынды

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнө жол оңдоо үчүн грейдер алынды. Бул тууралуу Үч-Коргон жайыт комитетинин төрагасы Бахтияр Юрсунов билдирди.

Маалыматка караганда, айыл өкмөттө жайыттарга алып баруучу жолдордун абалы начар. Айрымдарына баруучу жолдор жокко эсе. Мындан улам элдин мал-жандыктары алыскы жайыттарга чыга албай келген. Бул маселени чечүү үчүн Үч-Коргон аймактык жайыт комитети атайын долбоордун негизинде грейдер алышты. Эми анын жардамы менен жолдор оңдолуп, элдин малы алыскы жайыттарга чыга баштайт. Буга чейин техниканын жоктугунан жайыт комитети башка техникаларга кезекке туруп, кыйынчылыктарга дуушар болушчу. Аймакта жалпы 17 миң гектар жайыт бар.

«Бүткүл дүйнөлүк айыл чарбасын өнүктүрүү фонду менен АРИС аркылуу долбоор жазганбыз. Бул долбоорубуз колдоо таап, 7 млн 800 миң сомдук грейдер алдык. Акчанын 5 млн 800 миң сомун долбоор каржыласа, калган 2 млн сомун айыл өкмөт бөлгөн. Эми мунун жардамы менен жайыттарга жол ачылып, элдин малы жайыттарга чыгып, жашоо-шартты жакшыртабыз», - деди Юрсунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×