Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баткен

Фото — Кадамжайда тоодон сугат суу алып өтүү үчүн узундугу 538 метр туннель казылууда

Turmush -  Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылына караган аймактарга таза суу жана сугат суу жеткирүү максатында Молдо Нияз каналы курулууда. Бул тууралуу Көтөрмө айылдык кеңешинин төрагасы Арапбай Кутпидин уулу билдирди.

Анын айтымында, каналдын курулушунун алкагында Ак-Суу дарыясынан суу алып өтүү үчүн тоо ичине туннель казылууда. Туннелдин жалпы узундугу 538 метр болот. Учурда анын 200 метрге жакыны казылып бүттү. Курулуш иштерине 164 млн сом каралган болсо, учурда анын 60 млн сому каржыланган.

Туннелди казуу иштерин Көтөрмө айылдык кеңешинин депутаттарынан куралган атайын комиссия текшерүүгө алды. Депутаттар жакшылык иш үчүн кой союп, бата кылышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2567
Көп окулду
×