Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 19.02.2018 11:58

Кадамжайдын Тамаша айылында суу маселеси чечилбей, көйгөй жаратууда

Turmush -  Кечээ, 18-февралда Кадамжай районунун Тамаша айылында таза суу, сугат суу маселелери боюнча элдик жыйын өттү. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Тамаша айылында 600 кожолук жашайт. Айылда сугат суу, таза суу да жетишсиз. Айыл өкмөттөн аталган маселени чечүүгө чаралар көрүлбөй жатат.

«Тамаша айылына СССР убагында орнотулган таза суунун түтүкчөлөрү ар кайсыл жерден тешилип калган. Тургундар 3-4 чакырым алыстан суу ташып ичишет. Акыркы жылдары СССР убагында курулган сугат суунун арыктары да жарактан чыгып, элдин көйгөйү өтө бетер күчөгөн. Жергиликтүүлөр суунун аздыгынан эгиндерин 1 айда 1 жолу гана сугарышат. Суунун таңкыстыгынан элдин негизги кирешеси болгон мөмө жана жер-жемиштер суу ичпей куурап калып жатат», - деди жергиликтүү тургун Ж.Акжолов.

Ал эми, Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Махмад Токторов быйылкы жылы долбоор аркылуу таза суу чыгарууга аракеттер көрүлөөрүн билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×