Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 22.02.2018 17:24

Кадамжайдын Көтөрмө айыл өкмөтүндөгү оорукананын аянттары жеке менчикке берилип кеткени айтылууда

Turmush -  Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылында кургак учукту дарылоочу оорукананын короосундагы көп жылдык дарактар кыйылды. Бул тууралуу аталган оорукананын бөлүм башчысы Абдумомун Ахунов билдирди.

Анын айтымында, кыйылган дарактардын арасында кызыл китепке киргендери да болгон.

«Кызыл китепке киргизилген жапон жаңгагы, каштан, эмен сыяктуу дарактар отургузулган. Жалпы жер аянты 17 гектарды түзүп, кургак учукка чалдыккандарды дарылоочу оорукана болуп 1961-жылы ачылган. Бул оорукана Ош облусундагы эң чоң жана сапаттуу ооруканалардын бири болуп турган. Ал учурда 250дөй адам бир эле учурда дарыланчу. Эң негизгиси жалпысынан 17 гектар жерди ээлеп турган мекемеде 22 имарат курулуп, короосуна сейрек кездешүүчү дарактардын 100дөн ашык түрү эгилген эле. 2010-2011-жылдардан тарта орундар кыскартылып, дарыгерлер да кыскартылган. Барган сайын орундар кыскартылып отуруп, азыр 30 гана адамды карап жатабыз.

Оорукананын жери да жергиликтүү бийлик тарабынан сатылып отуруп, азыр бизге 8 гектар аянттын гана документин көрсөтүп жатышат. Ал эми жерди сатып алгандар боюнча иш сотко өтүп, биздин короодон сатып алган адамдардын жерлеринин документтери жокко чыгарылган. Анткени бул жерди Жогорку Кеңештин депутаттары гана сатууга токтом чыгарса сатылууга болот экен. Ага карабай бүгүнкү күндө мыйзамсыз үйлөрдү курушуп, Кызыл китепке кирген дарактарды кыйып кетишкен. Ага Баткен облустук жана жергиликтүү райондук экотехинспекция дарактарды кыюуга уруксат бериптир.

Азыр Кызыл-Кыя шаарындагы кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасына филиал катары карап калганбыз. Мындай ооруканаларды сапаттуу кылып оңдоп, кайра ишин жандандыруу учурдун талабы. Бул маселеге жогорку бийлик өзгөчө көңүл бурушу керек», - деди А.Ахунов.

Союз убагында аталган оорукана ачык түрдө кургак учук менен ооругандарды дарылап, эл оозуна «Кызыл-Булак санаториясы» деп таанылган. Оорукана дарыянын боюнда, тоонун түбүндөгү кооз жерде жайгашкан.

Ал эми, Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Махмуд Токторов, оорукананын жери мыйзамдуу берилген деген пикирин билдирди.

«Союз тарагандан кийин кургак учукка каршы дарылоочу оорукананын жери так аныкталбай калган. Мен бул жерди мыйзамдын негизинде тактап, так аймагын аныктап бердим. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Ал жерге жакын жайгашкан жерлер жергиликтүү тургундарга, тагыраагы ошол ооруканада иштеп, жашап өткөн дарыгерлердин балдарына берилген. Бул иш боюнча тиешелүү органдардын кызматкерлери да толук текшерүү жүргүзгөн. Бирок мыйзам бузуу аныкталган эмес. Мени бул ишке айыптоо туура эмес», - деди Махмут Токторов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×