Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 26.02.2018 10:24

Быйыл Тамаша айылында суу көйгөйүн чечүү үчүн каражат каралат

Turmush -  Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Тамаша айылындагы суу көйгөйүн чечүү үчүн каражат каралат. Бул тууралуу Көтөрмө айылдык кеңешинин төрагасы Арапбай Кутпидин уулу билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү кеңештин депутаттары сугат суу келүүчү арыктардын, суу сактагыч катары курулган көлдүн абалы менен таанышты.

«Быйылкы жылдын бюджетинен акча бөлөлү дедик. Арыктардагы суу жерге сиңип кетет экен. Аларды да оңдоо керек. Суу көйгөйүн чечүү үчүн атайын долбоор түзүш керек. Мындан тышкары жол көйгөйү да бар», - деди ал.

Тамаша айылында таза суу, сугат суу негизги көйгөйлөрдүн бири. Тургундардын эгиндерин сугарууга 1 айдан ашык убакытта 2 саатка гана суу берилет. Эл таза сууну ташып ичишет. Союз убагында курулган таза суу түтүкчөлөрүнүн көпчүлүгү тешилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×