Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баткен

Кадамжайда унаа кырсыктан улам ооруканага түшкөн өзбекстандык айдоочунун абалы оор бойдон калууда

Turmush -  Кадамжай районундагы унаа кырсыктан жаракат алган Өзбекстандын 33 жаштагы жаранынын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Кадамжай аймактык ооруканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, 25-февраль күнү Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагында Өзбекстандын 33 жаштагы жараны Т.И. «Дэу Дамас» үлгүсүндөгү унаа менен бара жатканда башкаруусун жоготуп, унаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен айдоочу катуу жаракат алып, Кадамжай аймактык ооруканасына жеткирилген. Жабырлануучу азыркыга чейин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 989
Көп окулду
×