Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баткен

Кадамжайдагы милиционерлер окуучуларга спорттук мелдештерди уюштурушту

Turmush -  Кадамжай РИИБдин кызматкерлери Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү окуучуларга спорттук мелдештерди уюштуруп беришти.

Милициянын маалыматына караганда, Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата уюштурулган мелдештер окуучулар арасында ынтымакты бекемдөөгө багытталган. Иш-чарага 8 мектептин окуучулары катышып, футбол, волейбол боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 710
Көп окулду
×