Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 28.02.2018 18:48 На русском

Кадамжайда жол кырсыктан улам ооруканага түшкөн өзбекстандык айдоочу каза болду

Turmush -  Кадамжай районунда унаа кырсыктан улам ооруканага түшкөн өзбекстандык айдоочу каза болду.

Кадамжай райондук аймактык ооруканадан алынган маалыматка караганда, жол кырсыктан жаракат алган Өзбекстандын 33 жаштагы жараны түнкү саат 02:00 чамасында көз жумду. Ал кырсыктан алган жаратынан улам буга чейин комада жаткан.

Анын башына кан уюп калгандыктан дарыгерлер операция жасашкан. Бирок бейтап өзүнө келбей каза болгон. Анын туугандары Өзбекстандан чакырылып, сөөк өз мекенине жөнөтүлдү.

Буга чейин маалымдалгандай, 25-февраль күнү Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагында Өзбекстандын 33 жаштагы жараны Т.И. «Дэу Дамас» үлгүсүндөгү унаа менен бара жатканда башкаруусун жоготуп, унаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен айдоочу катуу жаракат алып, Кадамжай аймактык ооруканасына жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×