Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 09.03.2018 10:29

Кадамжайда курал сактап жүргөн адам аныкталды

Turmush -  5-6-март күндөрү Баткен облусунун аймагында «Каракчы» рейди өткөрүлүп, жалпысынан 7 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ачылган кылмыштардын ичинен экөөсү оор. Кадамжай районунун Марказ айылынын 42 жаштагы тургуну «PERFESTA MOD FBI 8000» үлгүсүндөгү травматикалык тапанчаны, 9 мм калибриндеги 2 даана огу менен жана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү куралдыг 5,6 мм калибриндеги 86 даана огун мыйзамсыз сактап жүргөнү аныкталды. Аталган факты боюнча кылмыш иш козголду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×