Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 09.03.2018 13:42

Кадамжайда айымдар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында айымдар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка караганда, мелдеш 8-март майрамына карата Москва шаарында эмгектенген Кызыл-Булак айылынын жаштары тарабынан демилгеленип, каржыланды. Ага Кызыл-Булак айылындагы мектептердин мугалимдери, бала бакчанын кызматкерлери, энелер мектебинин командасы жана мектеп окуучулары катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Молдо Нияз орто мектебинин мугалимдери ээлеп, 1200 сом, 2-орунду Молдо Нияз мектебинин окуучулары багындырып, 800 сом, 3-орунду Молдо Нияз мектебинин энелер мектебинин командасы ээлеп, 500 сом акчалай сыйлык алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×