Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баткен

Кадамжайда мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана ачылуу алдында турат.

Ишкананын жетекчиси Сардор Мадазимовдун айтымында, курулушка керектүү жабдууларды орнотууга 15 млн сомго жакын каражат жумшалган. Апрелде ишкананын ачылышы менен 30 жумуш орун түзүлөт жана күнүнө 2 тоннадан ашык мөмө-жемиш кайра иштетиле баштайт. Мында өрүк, шабдалы, кара өрүк, алмурут, гилас, ит мурун, долоно сыяктуу мөмө-жемиштер иштетилип таңгакталат. Учурда технологдор жумушчуларды окутуп жатат. Долбоорду каржылоого Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен ЮСАИД көмөк көрсөткөн.

Кадамжай районунда жыл сайын орточо эсеп менен 21663 тонна мөмө-жемиш өндүрүлөт. Анын ичинен 10200 тоннасы ички керектөөгө жумшалып, калган көлөмү экспорттолот.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1366
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×