Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баткен

Кадамжайда 230 гектардан ашык жерге картошка эгилди

Turmush -  Кадамжай районундагы 8 айыл өкмөттө 237 гектар жерге эрте эгилчү картошка тигилди. Бул тууралуу Кадамжай райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айдарали Асамидинов билдирди.

Маалыматка караганда, быйылкы жылы жаздын эрте келгенине байланыштуу 25-февралдан тарта эрте тигиле картошка эгиле баштаган. Учурда жалпы 237 гектар картошка эгилди.

Мындан сырткары жазгы талаа иштери толугу менен башталып, бүгүнкү күндө көчөт олтургузуу, ички чарбалык арыктарды тазалоо, дарактарды бутоо, жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгүү, жер айдоо иштери кызуу жүрүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 801
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×