Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Баткен

Кадамжайда алманын карлик көчөттөрүн өстүрүү колго алынууда

Turmush -  Кадамжай районунда алманын карлик көчөттөрүн өстүрүү колго алынууда.

Адистердин айтымында, район аймагындагы кең талааларга 2 жыл мурда отургузулган көчөттөр былтыр алгачкы түшүмүн берген. Карлик көчөттөрү гектарынан 3 жылда 30 тонна, 5 жылда 50 тонна түшүм берет. Бул бактардын мөмөсү жыш жайгашып, түшүмдүү келип, 30 жылдан ашуун мөмө берет. Сербия, Голландия мамлекеттеринен алынып келинген көчөттөр облустун бардык аймактарында сатылууда.

Бүгүнкү күнгө облустун 3 айыл аймагындагы 50 үй-бүлөдөн түзүлгөн «Арпа-Сай береке багы» айыл чарба кооперативи карлик көчөттөрүн отургузууну колго алып, аны кеңейтүү багытында иштеп жатат.
Ошондой эле, Өткүржан Асанбаев жетектеген чакан кооператив 6 гектар жерге 2 жыл мурун көчөттөрдү отругузуп, быйыл гектарына 30-40 тонна түшүм алууну көздөп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 671
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×