Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 15.03.2018 21:37 Жаңыланды: 16.03.2018 09:18

Кадамжайда көчөттөр былтыркыдан кымбат сатылууда

Turmush -  Кадамжайда мөмөлүү дарактардын көчөттөрү былтыркыдан кымбат сатылууда. Бул тууралуу Кадамжай райондук айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Айдарали Асамидинов билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдары 1 даана өрүк көчөтү 10 сомдон 50 сомго чейин бааланса, быйыл 100 сомдон 150 сомго чейин сатылып жатат.

«Союз мезгилинде Көк-Талаа айыл аймагында атайын питомник болгонунан улам бул айылдыктар дээрлик баары эле ушул тармакты жакшы өздөштүрүп, көчөт өстүрүүнү колго алышкан. Бул айыл аймакта даярдалган көчөттөр Казакстан, Тажикстан, Кыргызстандын башка облустарына чейин сатылып турат. Орточо иштегендер жылына өздүк кирешесин 2 млн сомго чейин жеткиргенге мүмкүнчүлүк бар. Жылына 1 миллион даанадан ашык мөмөлүү бактардын көчөттөрүн даярдап сатыкка чыгарып жатабыз. Быйыл Кадамжай районуна 8000 түп көчөт эгилет. Ал эми өндүрүлгөнү 1 млн 700 түп көчөт. Баасы 50 сомдон 250 сомго чейин бааланууда. Өткөн жылдары 1 даана өрүк көчөттөрү 10 сомдон 50 сомго чейин бааланса, быйыл 100 сомдон 150 сомго чейин сатылып жатат», - деди Асамидинов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×