Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Баткен

Айыл турмушу: Кадамжайлык И.Сулайманов гиссар койлорду 30 миң сомго чейин сатууда (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургуну Исмаил Сулайманов 10 жылдан бери гиссар тукумундагы койлорду багып, учурда алардын санын 200гө жеткирди. Аймактык кабарчы малчы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, союз убагынан бери мал чарбачылыгы менен алектенип, 2009-жылдан тарта Тажикстандан алып келген гиссар койлорду көбөйтө баштаган.

«1971-жылдан тарта мал бага баштагам. Ал убакта эчкилер көп болчу. Бирок ошол убакта эчкинин жүнү арзандап кеткендиктен кочкор, койго алмаштыра баштадым. 2000-жылы 35% менен насыя алып, койлорду көбөйттүм. 2009-жылы Тажикстандын гиссар койлоруна кызыгып, коңшу өлкөдөн алып келдим. Азыр 800дөй мал болсо анын 400ү бодо мал. 200 гиссар кой бар. Бул порода Тажикстандын Гиссар районунан чыккандыктан аталышы да ушундай. Булардын жөнөкөй койлордон айырмасы эттүү болуп, баасы да 2-3 эсе кымбат турганында. Чөптү да тандабай жешет. Азыр үй-бүлөм жардамдашып, жылына 100гө жакын кой сатабыз.

Биздин милдет аны көбөйтүү жана элге жайылтуу болуп эсептелет. Бул койлордун арзаны 5 миң сомдон, кымбаттары 30 миң сомго чейин сатылат. Булардын салмагы 80 кг чейин жетет», - деди Сулайманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2663
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×