Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Баткен

Кадамжайдын Бирлик айыл өкмөтүндө жолдор кеңейтилип, түнкү чырактар орнотулууда

Turmush -  Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүндө жолдор кеңейтилип, түнкү чырактар орнотулууда. Бул тууралуу Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек Маккамбаев билдирди.

Маалыматка караганда, Бирлик айыл аймагындагы Сырт айылынын 2 чакырым аралыктагы унаа жолу 200 миң сомдон ашык каражатка кеңейтилип, тегизделип, шагыл төшөлүүдө.

Андан сырткары, ушул эле 2 чакырым жолдун боюна жергиликтүү бийлик тарабынан 150 миң сом, Сырт айылынын жаштары тарабынан 170 миң сом акча каражаты каралып, түнкү чырактар орнотулуп жатат. Ага кошо Ормош, Моло, Кичи-Айдар айылдарына жалпы 1 чакырым 400 метр аралыктагы жолго түнкү чырактар орнотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 669
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×