Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 12.04.2018 09:22

Кадамжайда 100 гектар жерге 50 миң түп көчөт отургузулду

Turmush -  Кадамжай шаарына 50 миң түп көчөт отургузулду. Бул тууралуу Кадамжай шаарынын мэри Бакытбек Бегалиев билдирди.

Маалыматка караганда, көчөттөр жалпы 100 гектар жерге отургузулду. Мөмөлүү дарактардын көчөттөрү 3-5 жылдын ичинде мөмө бере баштайт. Суу чыгаруу үчүн 85 миң сомго скважина казылган. Азыркы кезде көчөттөрдү тамчылатып сугарууга аракеттери көрүлүүдө. Тигилген көчөттөр мөмө бере баштаганда 110 үй-бүлөдөгү адамдар иш менен камсыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×