Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баткен

Кадамжайлык балбан айым Д.Рахманова таяк тартыш боюнча чемпионаттан алтын медаль утту (видео)

Turmush -  Кадамжайлык Дилдора Рахманова Ташкентте өткөн таяк тартыш боюнча Борбор Азия чемпионатында 1-орунду ээледи. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Дилдора Рахманова өзү билдирди.

Анын айтымында, 21-22-апрель күндөрү өткөн мелдешке 85 кг оор салмакта катышты.

«Анда мен 85 кг жогорку салмактагы атаандаштарды жеңип, 1-орунду алдым. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан Афганистан мамлекеттеринен келген спортчулар катышты. Кыргызстандан 2 кыз катыштык. Шеригим экөөбүз финалга чейин баарын жеңип келип, финалга бирге чыгып, мен 1-орун менен диплом жана алтын медаль алдым. Шеригим 2-орунду алды.

Бул мелдешке катышуума Кадамдай райондук мамлекеттик администрациясы колдоо көрсөттү. Жанымда машыктыруучум Назир Пазылов болду. Мындан ары май айында Түркияда эл аралык турнир, август айында Владивостокто дүйнөлүк чемпионат болот. Сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ноябрда Якутияда дүйнө чемпионаты болот. Буйруса бардыгына катышып, жеңүүчү болууну максат кылып жатам», - деди Дилдора Рахманова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 886
Көп окулду
×