Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баткен

Кадамжайда 100 гектарга жакын жер өздөштүрүп жаткан тургундар мамлекеттик колдоого муктаж

Turmush -  Кадамжай шаарындагы «Берекелүү суу» коомдук бирикмеси тарабынан 100 гектарга жакын жер өздөштүрүлүүдө. Бул тууралуу коомдук бирикменин негиздөөчүсү Анвар Билалов.

Анын айтымында, учурда аталган жердин 40 гектары өздөштүрүлүп, скважина курулду. Анын 15 гектарына жүзүм, 5 гектарга жакын жерге кара өрүктүн көчөттөрү отургузулду.

«Бул жерди өздөштүрүүдө кыйынчылыктар болбой койгон жок. Жол салып, жерди тегиздөөгө Үч-Коргон айыл өкмөтүнөн техника жалдап алып келүүгө жергиликтүү бийлик жардам көрсөткөн. Былтыр октябрь айында 1 млн сомго скважина куруп, суу маселеси чечилди. Андан саатына 25 куб метр суу чыгат. Суу топтоочу бочкага 75 куб суу батат. Бул суулар 40 гектарга жакын жерди сугарууга жетет. Негизинен 1 гектарга 3,5 куб суу кетет», - деди ал.

Коомдук бирикмеге 90 адам мүчө. Алардын ичинен 40 адамга жер бөлүштүрүлүп берилген. 100 гектар жердин калган бөлүгү өздөштүрүлсө башка мүчөлөргө да жер бөлүнүп берилет. Жерлерди өздөштүрүүгө мамлекеттин колдоосу керек болууда. Анткени жол куруу көйгөйү жаралган. 5 км жол куруу зарылчылыгы бар. Бул боюнча жергиликтүү бийликке кайрылышып, бирок азырынча аркеттер көрүлө элек.

Район акими Жаныбек Исаковдун айтымында, Көк-Талаа—Пүлгөн жолунун жээгиндеги бул жерлерди өздөштүрүү үчүн трансформация кылынган.

«Биринчи 5 гектар жерге көчөт отургузуп, алардын 80% көктөгөн. Кара өрүктөр отургузулган 5 гектар, жүзүмдөн тигилген 15 гектар жер тамчылатып сугарылып жатат. Бул коомдук бирикме «Айыл банктан» 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин арзандатылган насыя алышып, өздөрү скважина чыгарып, көчөттөрдү эгип, жерди өздөштүрүп, жумуш орун түзүп иштеп жатышат. Мыйзамга ылайык бул жерлер убактылуу пайдаланууга берилген. Бул жер мамлекеттин карамагында. Ошондуктан Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында колдон келген жардамдар көрсөтүлөт», - деди аким.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1137
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×