Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баткен

Айыл турмушу: Кадамжайлыктар күнүмдүк жумуштарда иштеп, күнүнө 500 сомдон акы алып жатышат (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун тургуну Хакима Муратова күнүмдүн жумуш кылып, 500 сомдон эмгек акы алат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, апрель айынан баштап күз айларына чейин күнүмдүк жумушка иштеп акча табышат. Азыр алар көчөттөрдү актап жатышат.

«Биз бүгүн 12 адам болуп келдик. Бул жерде 5 гектарга жакын жердеги көчөттөрдү актап жатабыз. Ар бирибизге 500 сомдон эмгек акы беришет. Андан сырткары тамак-ашыбыз да бар. Эгерде бизди өздөрү алып келип, кайра үйгө жеткирип коюшса 1 күндүк иштегенибиз үчүн 400 сом акы алабыз. Жол кире менен 500 сом болот», - деди ал.

Бул жерде иштегендердин кээ бирлери жайкы эс алуу учурунда кыздар-балдарын да өздөрү менен кошо алып чыккан учурлар болот. Алардын балдары өздөрү иштеп тапкан акчага жаңы окуу жылына кийим, окууга керектүү курал-жарактарды алышат. Жумуштун сезону Кадамжайда малина бышканда кызуу башталат. Жумушчулар жумасына 5 күн жумушка чыгышса, 1 айда 10 миң сомдон ашык акча таап алышат. Эгерде апрель айынан октябрь айына чейин иштешсе 70-80 миң сомго жакын акча табышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1000
Көп окулду
×