Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 07.05.2018 15:11

Кадамжайдагы жер чыры: Айылдагы 16 улуттун өкүлдөрү ушактардан, жалган жалаадан сактангыбыз келет, - жашоочулар (видео)

Turmush -  Бүгүн, 7-майда АКИпресс-Ошто Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары, кызматкерлери, айыл тургундары маалымат жыйынга чогулушту. Жыйынга катышкан 30дай адам айылдын 2-3 гана тургуну жалпы элдин атынан сүйлөп, элдин ынтымагына доо кетип жатканын айтууда.

Катышуучулар 3-майда АКИпресс-Ошто маалымат жыйын куруп, кызыл китеби туруп жер тилкесин пайдалана албай жатканын айткандардын көпчүлүгү Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну эместигин айтышты. Алардын айтымында, Ноокат жана Кызыл-Кыянын тургундары туура эмес маалымат таратып жатышат.

Алардын арыздануусунан кийин текшерүүлөр көбөйүп, тоскоолдук болуп жатканына да токтолушту.

«3-майда Кызыл-Кыяда жашаган тургундар жыйын куруп, Үч-Коргон айыл өкмөтү тууралуу маалымат бергени боюнча жооп берели деп чечтик. Биздин айыл өкмөттө 2015-жылдан бери тынчтык болбой келет. Ноокат районунун тургуну Роза Маманова ар кандай жалаа жаап, жогорку органдарга кат жөнөтүп, текшерүүлөр келген. 2015-жылы эле органдардан 7 жолу текшерүү жүргөн. Биринин артынан бири келип, айыл өкмөттө тынтчык болгон жок. Эми кайрадан өзүбүздүн айрым жарандарыбыздын арыздануусу токтобой жатат. Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары президентке да кайрылып, чара көрүп берүүнү суранышкан. Айтылган 7 гектар жер мамлекеттик фонддун жери. Соттошуу болуп, жер Сулаймановдордун пайдасына чечилди. Бирок соттун чечимин ала элекпиз.

Биздин кайрылуубуздун максаты жалган жалаалардан, ушактардан Үч-Коргон айыл өкмөтүн сактап, айыл өкмөттөгү кызматкерлердин иштешине мүмкүнчүлүк түзүп берүү. 34 миңден ашык эл, 16 улуттун өкүлдөрү жашаган айыл өкмөткө тынчтык керек. Жазылган арыздар бир тараптуу каралбастан, эки тараптуу, элдин катышуусунда каралсын дейбиз», - деди Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Мастура Якубова.

Аксакалдар кеңешинин 82 жаштагы төрагасы Базарбай Умурзаков эл арасында пикир келишпестиктерге жол бербөө керек деген пикирде.

«Мен көп жыл Үч-Коргондо аткаруу бийлигин жүргүзгөн адаммын. 16 улут жашаган Үч-Коргондо эч кандай чыр чатак болгон эмес. Айыл өкмөттө курулуш иштери жүрүп, жардамдар болуп, мектептер оңдолуп жатат. Бирок элдин тынчтыгын бузууга жол бербешибиз керек», - деди ал.

Ал эми Роза Маманова өзү тууралуу айтылгандарды четке кагып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүп келе жатканына токтолду.

«Мен Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын тургуну болом. «Элдик көзөмөл» уюмунун мүчөсү катары элдин көйгөйлөрүн көтөрүп, эл тарапта болуп келем. Бир эле Үч-Коргондо эмес, башка жерлердеги көйгөйлөрдү айтып чыгам», - деди Роза Маманова.

3-майда Үч-Коргон айыл аймагынан кызыл китеби бар жарандар жер тилкелерин ала албай жатканын айтып, ага Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын күнөөлөп чыккан эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×