Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баткен

Кадамжайдагы селге агып кеткен адамдын сөөгү Өзбекстандан табылды

Turmush -  14-майда Кадамжай шаарындагы сел аккан Ак-Суу дарыясына өз боюн таштап каза болгон 47 жаштагы Александр Кимдин денеси Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда ӨКМдин Кадамжай районундагы бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда анын денесин алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. 14-майда катуу жааган жаандан улам Кадамжай шаарынын айрым жерлеринен сел кеткен. Ошол учурда Кадамжай шаарынын 1971-жылы туулган тургуну Александр мас абалында сел агып жаткан Ак-Суу дарыясына өз боюн таштап жиберген. Денеси алынып келингенден кийин анын мас экендиги жана боюн өзү таштап жибергендиги такталат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2139
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×