Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баткен

Кадамжайда токтоп турган унаадан 600 миң сом уурдап кеткен кылмыштуу топтун мүчөсү Таластан кармалды (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Жийделик айылынан өтүүчү Кадамжай—Айдаркен жолунда токтоп турган автоунаадан 600 миң сом уурдап кеткен жаран кармалды.

Маалыматка караганда, ушул жылдын февраль айында Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын 27 жаштагы тургуну А.К.нын «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү унаасынын багажынан белгисиз адамдар 600 миң сом уурдап кетишкен. Автоунаа жолдун четинде жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу дүкөндүн алдында токтоп турган. Олуттуу материалдык чыгымга учураган жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 164-берененин (уурулук) негизинде кылмыш иш козголуп, Кадамжай РИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй, Талас облустарынын аймагында комплекстүү ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, издөө жарыяланган.

Ушул жылдын апрель айында Карадамжай РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Талас шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндөгү үйдө жашынып жаткан 35 жаштагы К.Н.ны (Талас облусунун тургуну) колго түшүргөн. Ал буга чейин 9 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, адам өлтүрүү жана каракчылык беренелери боюнча соттолгону аныкталды. Ошондой эле кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүнүн бири. Ал абактан чыкканына 10 күн болгондо аталган кылмышты жасаган. К.Н. кармалган учурда жанынан Макаров үлгүсүндөгү тапанча 8 даана огу менен табылды.

Ал кылмышты жасаганын толугу менен мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1622
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×