Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 01.06.2018 18:25

Кадамжайдагы 20 жылдык классташтар майып айылдашына унаа алып беришти (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы №22 Дыйкан орто мектбин 20 жыл мурда бүтүргөн классташтар майып айылдашы Жусуп Адамовго «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаа алып беришти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айылдын имамы Айбек Кузибеков маалымдады.

Анын айтымында, классташтар унааны 100 миң сомго алышкан. Андан тышкары айылдагы мүнкүнчүлүгү чектелген 5 үй- бүлөгө 5 миң сомдук азык-түлүктөр таратылды.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Жусуп Адамов буга чейин велосипедге таянып басып жүргөн. Ыйык Рамазан айында 20 жылдыктардын демилгеси ага чоң кубаныч тарууланды», - деди имам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×