Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 04.06.2018 21:37

Айыл турмушу: Милициянын капитаны Д.Мурзалиева 7 жылдан бери өспүрүмдөр менен иштешет (фото)

Turmush -  Дильноза Мурзалиева 7 жылдан бери Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында Өспүрүмдөр иши боюнча испекцияда тескөөчү болуп эмгектенет. Ал бала кезинен бери милиция кызматкери болууну кыялданганын аймактык кабарчыга айтып берди.

Өзүнүн айтымында, кыялын ишке ашырууга атасы жардам берген.

«Алгач милиционерлерди даярдоочу мектепке кабыл алышкан эмес. Өз убагында Ф.Куловго да кайрылуу кат жазгам. Бирок жыйынтыгында кыялымды ишке ашырууга жетиштим. Москва ишкердик жана укук институтун окуп бүтүрүп, юрист болдум. Иститутту аяктап, Үч-Коргон айылында Өспүрүмдөр иши боюнча испекцияда иштеп жатканыма 7 жыл болду. Учурда милициянын капитанымын», - деди ал.

472427.040a9e81458689323311764a434ad932 Д.Мурзалиевага балдар үйү бекитилип берилген. Ал жерге дайыма барып турат. Тескөөчү 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чарада коноктордун катарын толуктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×