Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баткен

Айыл турмушу: 25 жаштагы Азаматтын 5 жылдык идеясы ишке ашып, тоо-таштарда жүрүүчү унаа жасады (фото, видео)

Turmush -  Кадамжай районундагы А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн 25 жаштагы тургуну Жетимиш уулу Азамат тоо-таштарда жүрүүчү «Багги» үлгүсүндөгү унаа жасап чыкты. Өзүнүн айтымында, унааны жасап чыгууга 3 ай убакыт сарптаган.

«Мен бул унааны 5 жыл мурун эле интернеттен көрүп, кантип жасоону ойлонуп жүргөм. Быйыл демилгени колго алып, 3 ай аралыгында жасап чыктым. Өзүм Кадамжай шаарында Япониядан чыгарылган унаалардын тетиктерин сатып иштейм. Мындан тышкары унааларды оңдоп жүрөм. Азыркы унаага «Хонда Стэпвэгондун» кыймылдаткычын орноттум. Бул унаа автоматтык түрдө которулма (автомат коробка) болот. Дөңгөлөктөрү «Тойота» үлгүсүндөгү унааныкы. Бул дөңгөлөктөрдү атайын тоо-таштарга айдап чыгуучу чоң дөңгөлөктөргө алмаштырууга да болот. Азырынча шаардын аймагында аталган дөңгөлөктөр менен жүрүүгө ыңгайлуу.

Сырткы көрүнүшү темир түтүктөрдөн жана профилдерден ийилип, ширетилип жасалды. «Жигулинин» 40 литр бензин бата турган багын орнотуп, жумшак руль коюлду. Учурда иштердин 100 пайызы бүттү десем болот. Азыр боёп чыгып, электрондук иштерин бүткөрдүм. Мен жасаган унаа тоолорго да ыңгайлуу. Унаанын тетиктерине жана жасоого жалпы 200 миң сомго жакын акча каражаты жумшалды. Бул автоунааны жосоодогу ширетүү иштерине, идеяларды жаратууда досум Имар Токтошовго, боёгун мыкты жасаган Нурлан Абдуллаев агама ыразычылык билдирем. Мындан ары өзгөчө кымбат автоунааларга басым жасап, кымбат автоунаа жасап чыгууну максат кылып жатам», - деди ал.

Уста биринчи жасаган унаасын өзү колдонууну пландап жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11173
Көп окулду
×