Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 06.06.2018 09:39

Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн 6,2 млн сомдук жаңы имаратынын курулушу эки жылдан бери токтоп турат (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын курулушу эки жылдан бери токтоп турат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга кызматкерлер билдиришти.

Алардын айтымдарында, 60 жыл мурун курулган имараттын эскилиги жетип, авариялык абалга кептелген. Айыл өкмөттүн кызматкерлери тургундарды тар бөлмөдө тейлегендиктен ыңгайсыздыктар жаралат. Ошондой эле керектүү жабдыктар жок болуп, жаан жааганда тамчы тамат. Ошондуктан алар имаратты өз алдынча оңдоодон өткөрүшкөн.

«Имарат абдан начар абалда, шарт жок. Жыл сайын оңдоодон өткөрүп, азыркы абалга келтирип алабыз. Бизге жаңы имарат абдан керек», - деди айыл өкмөттүн кызматкери Ханзаада Жумабаева.

2016-жылдын август айында жаңы имарат курууга сынак жарыяланып, аны «У.Т.» ЖЧКсы жеңип алган. Курулушка жалпы 6 млн 200 миң сом бөлүнгөн. Бирок ушул эле жылдын аягында белгисиз себептерден улам курулуш иштери токтоп калган.

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Адилет Орозбаевдин айтымында, аталган ЖЧК 800 миң сомго аткарылган жумуштун отчетун берген. Курулуш иштери токтоп калгандыктан компаниянын иши сотто каралып, 2 млн 200 миң сом өндүрүү чечими чыккан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин аталган сумма өндүрүлө элек.

«Аталган ЖЧК тарабынан эч кандай иштер аткарылбагандыктан Баткен облустук прокуратурасы анын жетекчисин камоо боюнча даттануу арызын жазган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөө иштери соңуна чыккандан кийин гана курулушка кайрадан сынак жарыяланып, аны уткан ишкана ишти баштайт», - деди А.Орозбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×