Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баткен

Кадамжайда гиластын баасы жана дыйкандардын кирешеси кандай? (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында алчанын (гилас — бот. диал.) түшүмүн жыйноо кызуу жүрүп жатат. Аталган аймакта жашаган дыйкандар жыл сайын алчанын жаңы түрлөрүн өстүрүп, бир мезгилде 100 миң сомдон ашык киреше табат.

Дыйкан Сайфидин Зуридинов бакчасында алчанын үч түрүн өстүрөт. Учурда ал үй-бүлөсү менен гиластын жазында эң эрте бышкан түрүн жыйнап жатат. «6-7 сотых жерге алма, шабдалы, курма, гилас бактарын тиккенбиз. Балдарым менен түшүмдү жыйнап жатам. Иштегенибизге жараша түшүм алабыз», - деди ал.

Дыйкандын айтымында, жемиштин мөмө берүүсү аба ырайына да байланыштуу болот. Ал жакшы түшүм бериши үчүн күн өтө ысык же суук болбошу керек. Ошондой эле алча гүлүн ачканга чейин да, кийин да жер семирткичтерди туура пайдаланып, дарылап туруу зарыл.

«Алча гүлдөгөнгө чейин зыянкечтерге каршы дары чачылат. Гүлүн таштаган соң чымын-чиркейлерге каршы делген дарыны чачабыз. Антпесе ага курт түшүп, чирип кетиши мүмкүн. Эгер бак убагында эки жолу дарыланса, мөмөсүн жакшы берет», - деди дыйкан.

Үч-Коргон айыл аймагында жемишти дыйкандардан сатып алып, кайра сатып иштеген ортомчулар да арбын. Алар жылына 300-400 миң сомдон киреше табат. Сатуучулардын айтымында, быйыл алчанын баасы өткөн жылга салыштырмалуу 20-30 сомго арзан болууда.

«СССР тарагандан бери эле жемиштерди алып-сатып иштейм. Кирешеси жакшы, жылына 300-400 миң сомдой киреше табабыз. Учурда күнүнө 1-1,5 тоннадан алча алып, Бишкекке жөнөтүп жатам», - деди сатуучулардын бири Асылкан Ормонова.

Аталган айыл аймактын башчысынын орун басары билдиргендей, жалпы 435 гектар жерге алча бактары тигилген. Ал жерден жалпы 1300 тонна алча алынат. Жемиштер Россия, Казакстан жана борбор калаага жөнөтүлөт. Учурда анын 1 килограммы базарда 100-120 сомго бааланууда. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 20-30 сомго арзан. Буга Өзбекстандын чек арасынын ачылганы себеп болгон. Анткени аталган өлкөдө эрте бышуучу жемиштер Кыргызстанда сатылып жатат.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1425
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×