Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 07.06.2018 09:20 На русском

Кыргыз-Кыштакта союздан калган газ түтүктөрү казылып, эгин талаалар аңга айланды, - дыйкандар (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы союз убагына таандык болгон газ түтүктөрү иштетилбей жаткандыктан аларды казып алуу иштери башталды. Казуу иштери эгин талааларына зыян тийгизип жатканын дыйкандар айтып чыгышты.

Алардын айтымында, газ түтүктөрүн казуу иштерине чейин үлүш жер ээлери менен макулдашылган эмес.

«Биз менен макулдашпай туруп үлүш жерибизди казып жатышат. Эгин талааларыбыз аңга айланды. Каршылык көрсөтсөк, милиция кызматкерлерин ээрчитип келишип, соттун чечими бар экенин айтышты. Сот качан жана кандай болгону тууралуу маалыматыбыз жок. Эгерде газ куурларын алуу керек болсо, жер ээлери менен макулдашуу керек болчу. Анын кесепетинен дыйкандардын мээнети тепселип жатат», - деди Кайтпас айылынын тургуну Азимжан Эргешов.

Казып алуу иштеринде суу өтүүчү арыктар тосулуп, анын кесепетинен бак-дарактар, эгиндер куурап баштаганын дыйкан Үсөн Эргешов билдирди.

«Бул жердеги 3 жылдык көчөттөрүмдү жулуп салышты. Канчалаган көчөттөргө суу жетпей, куурап калды. Эгилген эгиндер эми кайра жанданары белгисиз. Биздин чыгымды ким төлөп берет, ким жоопкерчилик алат? Бийликке кайрылсак алар жардам бере албайт экен. Биз тоскоолдук кылып туруп алсак, тебелеп өлтүрүп салабыз деп коркутуп жатышат», - дейт дыйкан.

40 жылдан ашык убакыттан бери иштетилбей жаткан газ түтүктөрү «И» ишканасынын карамагында болгон. Бирок түтүктөрдү ишканадан жеке ишкер сатып алып колдонууда. Газ түтүктөрүн казып жаткан жеке ишкер Медер Мурзабековдун айтымында, айыл өкмөткө 7 млн сом акы төлөп берген.

«Комиссия түзүлүп, алар кол коюп беришкен. Биз аларга акча төлөп бергенбиз. Аны кандай иштетип жатышканына мен аралаша албайм. Газ түтүктөрүн ишканадан сатып алгам. Кааласам иштетем, кааласам сатам», - деди М.Мурзабеков.

Ал эми Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Дастанбек Досатов жеке ишкердин айткандарын четке какты.

«Биз түтүктөрдү казбоо керектигин айтсак, алар соттун чечимин көрсөтүшөт. Анда газ түтүктөрүнүн ээси аталган ишкана экени көрсөтүлгөн. Тоскоолдук кылып, соттун чечимине каршы чыга албайбыз. Аталган ишканадан бир да тыйын алган эмеспиз», - деди айыл өкмөт башчысы.

Аталган газ түтүктөрү 1960-жылдары Өзбекстандын газ жолу катары иштеген. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин түтүктөр кантип ишкананын балансына өтүп калганы белгисиз. Ал Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндөгү 14 чакырым аралыктан өтүп, жүздөгөн үлүш жана жер тилкелерин аралайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×