Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Баткен

Үч-Коргондогу канал 31 жылдан бери курулуп бүтө элек (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Боз айылында курулушу 1987-жылы башталган Кара-Кыштак-Боз каналы бүгүнкү күнгө чейин бүткөрүлө элек. Жергиликтүү тургундар каналдын курулушун бүтүрүп берүүнү суранып жатканын аймактык кабарчы билдирди.

Жашоочулардын айтымдарында, сууну насос аркылуу пайдаланышат.

Ал эми Кадамжай райондук суу башкармалыгынын маалыматына караганда, 8 чакырым аралыктагы каналдын учурда 1 чакырымы гана бүтө элек. Бирок курулуш иштери жүрүп жатат. Эгер канал бүткөрүлсө, аймакта 700 гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, сугат суу жетишсиз болгон 660 гектар жерге суу толугу менен жеткирилет.

«Каналдын курулушу алгач айыл өкмөттөр тарабынан ашар жолу менен башталып токтоп калган. 2003-2006-жылдары 327 метрлик тоннелди "Кадамжай кенчи ишканасы" куруп берген. Экинчи 417 метрлик тоннелди "Омега Строй" компаниясы куруп берип, жалпы эки тоннелдин курулушу бүткөн. Учурдагы курулуш иштерин да "Омега Строй" ишканасы жүргүзүп жатат», - деди Кадамжай райондук суу башкармалыгынын башчысы Уматилла Акматов.

Кара-Кыштак-Боз каналында учурда 409 млн сомдук иш аткарылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 705
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×