Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 08.06.2018 13:47

Мурдагы вице-премьер Ч.Султанбекова Кадамжайдагы 500дөй адамга ооз ачуу уюштурду (видео, фото)

Turmush -  Мурдагы вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кадамжай районунда ооз ачтыруу иш-чарасын уюштурду.

Аймактык кабарчы билдиргендей, ага район аймагынан 500гө жакын тургун чакырылган. Алардын арасында айыл аксакалдары, баатыр энелер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана дин кызматкерлери бар.

Ооз ачтырууда Ч.Султанбекова, Кадамжай районунун акими Ж.Исаков, шаар мэри Б.Бегалиев тургундарды ыйык Рамазан айы менен куттуктады. Жыйынтыгында маркумдарга багышталып куран окулду.

Ч.Султанбекова Кадамжай районунда жыл сайын ооз ачыруу иш-чарасын уюштуруп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×