Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баткен

200 гектар жер байлар үчүн кызмат кылып жатат: Кадамжайлыктардын президентке кайрылуусу (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун айрым тургундары бүгүн, 11-июнда АКИpress-Ошто маалымат жыйынга чогулуп, президентке кайрылуу жолдошту. Тургундар газ түтүкчөлөрү мыйзамсыз сатылып жатканын айтып, жер тилкелер карапайымдарга эмес, акчалууларга берилип жатканына токтолушту.

Бийлик өкүлдөрүнөн жабыркадым деген Кыргыз-Кыштак айылындагы «Түмөнбай» дыйкан чарбасынын башчысы Азимжан Эргешов 1 гектар эгин тааласынан айрылган. Анын жерине отургузулган көчөттөрдү жана үрөнүн газ түтүгүн алуу үчүн казып салышканын белгиледи.

«Биздин дыйкан чарбабызга 1997-жылы мамлекеттик акты алынган эле. Бирок ага карабастан 30-май күнү милициянын коштоосунда кызматкерлер келип, техника менен каза баштады. Ал жер биздин менчигибиз экенин айтканыбызда алар бизди коркутуп, техника менен түтүкчөлөрдү казып салышты. Каршы чыксаңар жок кылып жиберебиз деп коркутушкан. Соттун чечими бар экенин айтып, жерди каалагандай казып, түтүкчөлөрдү алып кетишти. Анын кесепетинен 1 гектар жердеги эгин, өрүктүн көчөттөрү жок болду. Ошол түтүктөрдү сатууга райондогу эле жетекчилер кызыкдар болгон окшойт. Карызды түтүкчөлөрдү сатып төлөйбүз деп дагы айтышкан. Бирок азыр түтүкчөлөр сатылып бүттү, ал эми карыз төлөнгөн же төлөнбөгөнүн эч ким билбейт. Менин эгиним, көчөттөрүм боюнча прокуратурага, Мамэкотехинспекцияга кайрылганбыз, эч кандай жыйынтык чыкпай жатат. Эми президентке кайрылууга аргасыз болдук», - деди ал.

Ак-Турпак айылынын тургуну Абдыманап Турсуматов айыл өкмөттө жерлерди бай адамдар алып, карапайымдарга жер берилбей жатканын белгиледи.

«Ак-Турпак айыл өкмөтүндө дыйканчылыкка ыңгайлуу жерлер акчалуу адамдарга берилип жатат. Жөнөкөй адамдар дыйканчылык үчүн иштетилүүчү жерлерди ала албай жүрөт. Айыл өкмөттө кимдин акчасы болсо каалагандай жер алып иштетет. Айыл өкмөттүн жетекчилиги өзүнүн айланасындагы адамдарга жерлерди берип салган. 200 гектар жер азыр ченелүү байлар үчүн кызмат кылып жатат.

Президентибиз ушундай коррупциялык иштерге чекит коюп берсе жакшы болот эле», - деп белгиледи А.Турсуматов.

Маалымат жыйынга келген тургундардын айтымында, кат аркылуу дагы президентке кайрылышат.

Ал эми коомдук активист Роза Маманова райондун мурдагы акими жерлердин карапайымдарга берилишин көзөмөлгө алган эмес деп айыптады.

«Кадамжай районунун мурдагы акиминин туура эмес иштерин азыр ачык айтууга туура келип жатат. Буга чейин акимдин мыйзамсыз кылган иштерин ачык айтып, көп жерге кайрылдык. Бирок укук коргоо органдары тарабынан эч кандай жыйынтык болгон жок. Акыры минтип коомчулукка жана президентке кайрылып отурабыз. Коррупция менен күрөш Кадамжай районунда жүрбөй жатат. Жер сатуу, түтүкчөлөрдү сатуу иштери азыркыга чейин уланып жатат. Газ өткөн түтүкчөлөрдү таза суу чыгаруунун ордуна четинен сатып жатат», - деди ал.

Бирок Ак-Турпак айыл өкмөтүн 13 жылдан бери башкарып келе жаткан Алчынбай Туралиев 200 гектар жерди айыл өкмөттөгү жетекчилердин жакындары алды деген сөздү төгүнгө чыгарды.

«Бизде 200 гектардан ашык пайдалануучу жер бар. Аны 300дөн ашык адам пайдаланып жатат. Мен жөнүндө айтылгандардын баары калп. Жерди атайын түзүлгөн комиссия берет. Баардыгыбыз мыйзам алдында жооп беребиз», - деди айыл өкмөт башчы.

Ал эми Кадамжай районунун мурунку акими, Мамлекеттик кадр кызматынын азыркы башчысы Акрам Мадуров маалымат жыйында айтылгандарды четке кагып, аталган иштерге тиешеси жоктугун билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 610
Көп окулду
×